Атырауда жер сатууга каршы митинг болду
Your browser doesn’t support HTML5
24-апрелде Атырау шаарында митингге катышкан жүздөгөн адамдар жер сатууга каршылык билдирди. Бийлик “Жер кодексине” өзгөртүү киргизүү аркылуу жерди чет өлкөлүктөргө сатууну көздөйт деп айыпташты. Атырау облусунун акими Нурлан Ногоев митингчилердин арыз-доосун өкмөткө жана парламентке, Астанага жеткирерин билдирди.